Түштүк Кореяда шайлоо жыйынтыктары белгилүү болду

Түштүк Кореядагы президенттик шайлоодо оппозициялык Элдик күч партиясынын талапкери Юн Сук Ёл утуп чыкты.

1792832
Түштүк Кореяда  шайлоо жыйынтыктары белгилүү болду

Түштүк Кореядагы президенттик шайлоодо оппозициялык Элдик күч партиясынын талапкери Юн Сук Ёл  утуп чыкты.

Йонхап агенттигинин кабарына караганда, кечээ шайлоо болгон  өлкөдө Юн Сук Ёл шайлоочулардын 48,59 пайызынын добушун алып, президент болуп шайланды.

Бийликтеги Демократиялык партиянын талапкери Ли Чжэ Мён партиянын штаб - квартирасында окулган билдирүү менен жеңилгенин моюнга алды жана Юнду куттуктады. Ли билдирүүсүндө : "Мен колумдан келгендин баарын жасадым, бирок күтүүңөнрдү  актай алган жокмун. Бардык жоопкерчилик мага таандык.  Юн Сук Ёлду куттуктайм",- деди.

Бир тараптан АКШнын  президенти Жо Байден Түштүк Кореядагы президенттик шайлоодо утуп чыккан  Юн Сук Ёлду куттуктады.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Байдендин Юнго телефон чалып куттуктаганы жана АКШ - Түштүк Корея карым-катнаштарынын бекемдигине басым жасалганы белгиленди.

Сүйлөшүүдө  эки тараптуу мамилелерден тышкары Корея жарым аралындагы кырдаал,  башка аймактык жана глобалдык маселелер талкуулангандыгы билдирилди. 

 



Тектеш кабарлар