Түштүк Кореяда президентти шайлоо башталды

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:00дө 44 миллионго жакын шайлоочу добуш берүүгө бара баштады.

1792261
Түштүк Кореяда  президентти шайлоо башталды

Түштүк Кореяда президенттик шайлоо үчүн добуш берүү башталды.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:00дө 44 миллионго жакын шайлоочу добуш берүүгө бара баштады.

Өлкөнүн кийинки мамлекет башчысы болуу үчүн 10 адам ат салышкан шайлоодо жеңген талапкер май айында кызматка киришет.

Шайлоодогу сурамжылоолор көрсөткөндөй, жарыш бийликтеги Демократиялык партиянын талапкери Ли Чжэ Мён менен негизги оппозициялык Элдик күч партиясынын талапкери Юн Сок Ёлдун ортосунда болот.

2020 - жылы өлкөдө киргизилген өзгөртүү менен добуш берүү жашы 19дан 18ге түшүрүлгөн.

Шайлоонун жеңүүчүсү  5 жылдык мөөнөт менен президенттик кызматты аткара алат.



Тектеш кабарлар