Цзиньпин: «Орусияга киргизилген санкциялар бардыгы үчүн зыяндуу»
Си Цзиньпин Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Олаф Шольц менен видео саммит өткөрдү.
1791928
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Орусияга каршы киргизилген санкцияларды "бардык тараптар үчүн зыяндуу" деп сыпаттады.
Си Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Олаф Шольц менен видео саммит өткөрдү.
Орус-украин согушуна жана Орусияга каршы киргизилген санкцияларга токтолгон Кытайдын президенти: "Пандемиянын жүгү астында турган дүйнөлүк экономика үчүн санкциялар бардык тараптар үчүн зыяндуу"- деди.
Жаңжалдарга байланыштуу тынчсыздануусун жана терең кайгысын билдирген Си Цзиньпин тараптарды тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантууга чакырып: "Кризистин терс таасирин азайтуу үчүн биргелешип иш алгыбыз келет",-деп айтты.