Россия - Украина сүйлөшүүлөрүнүн 3 - айлампасы өттү
Россия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы Беларус менен чектеш Брест шаарында өттү.

Россия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы Беларус менен чектеш Брест шаарында өттү.
Россиянын делегациясына Россиянын президенти Путиндин кеңешчиси Владимир Мединский, ал эми украиналык делегацияны Украина президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары Михаил Подоляк жетектеди.
Украина делегациясы ок атышпоо менен бирге маселенин чечилиши боюнча интенсивдүү кеңешме өткөрүшкөнүн жана гуманитардык жардам коридорлорунда оң жылыштар болгонун белгиледи.
Россиянын делегациясы сүйлөшүүлөрдүн улана турганын белгилеп, гуманитардык жардам коридорлорунун 8 - мартта иштешинен үмүт кылынганын билдирди.
Россия Украинага каршы согушту токтотуу үчүн айрым шарттарды ортого салды.
Украинанын кандайдыр бир альянска кошулуу максатын четке кагуу үчүн конституцияны өзгөртүшүн, мыйзамсыз аннексияланган Крымдын Россиянын аймагы деп таануусун жана жикчилдердин башкаруусун таануусун каалаган Россия, эгер бул шарттар кабыл алынса, кагылышуулардын дароо токтой тургандыгын баса белгиледи.
Орустардын ультиматумдарына каршы экенин белгилеген Киев башкаруусу Украина аймагындагы кагылышуулардын дароо токтотулушун, орус аскерлеринин Крым жана Донбасс баш болгон Украина жерлеринен толугу менен чыгып кетишин каалайт.