АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен Кулеба менен сүйлөштү
АКШнын мамлекеттик департаментинин катчысы Нед Прайс Блинкен менен Кулебанын телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн билдирди.
1791366
Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүдө Россиянын Украина шаарларына карата кол салууларын жана көбөйгөн өлүмдөрдү айыптады.
АКШнын мамлекеттик департаментинин катчысы Нед Прайс Блинкен менен Кулебанын телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн билдирди.
Прайс сүйлөшүүдө эки министрдин АКШнын украин элине жана өкмөтүнө көрсөткөн колдоосун талкуулашкандыгын жана министр Блинкендин "Россиянын Украинанын шаарларына жасаган чабуулдарын жана жарандардын өлүмүнүн көбөйүшүн айыптагандыгын" белгиледи.
Катчы «Министр Блинкен менен тышкы иштер министри Кулеба Путин тандаган согушту токтотуу үчүн уланып жаткан дипломатиялык аракеттерди сүйлөштү. Министр АКШнын Россиянын мурунтадан долбоорлонгон жана себепсиз кол салууларына каршы турган Украина калкы менен тилектештигин кайталады»,- деди.