Украиналык жооптуу кызматтагылардын билдирүүсү, кол салуулар, ок атышпоо...
Социалдык тармактарда орусиялык согуштук учактын кыйрашынын видеосу жарыяланды.
Украинанын Ирпин шаарында жарандарды эвакуациялоо учурунда орус армиясынын чабуулунан 8 киши, анын ичинде 2 бала каза болду.
Ирпин шаарынын мэри Александр Маркусин: «Орус баскынчылары карапайым элге ок чыгарышты. Бир үй-бүлө каза болду. Менин көз алдымда эки бала жана эки чоң адам каза болду. Бүгүнкү бомбалоодон 8 жаран каза болду»,-деп айтты.
Орусия Украинанын Киев, Мариуполь, Харьков жана Суми шаарларынан жарандардын эвакуацияланышы үчүн Москва убактысы боюнча саат 10:00дөн тарта ок атышпоо жарыялаганын жарыялады.
Ачыла турган гуманитардык коридорлорду учкучсуз учуучу аппараттар менен коштой турганы маалымдалган билдирүүдө Бириккен Улуттар Уюмунун, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) жана Кызыл Кресттин тиешелүү бөлүмдөрүнүн кабардар болушуп иш алып бара тургандыгы белгиленди. Билдирүүдө, «Биз Украинадан көрсөтүлгөн багыттар боюнча гуманитардык коридорлорду түзүү үчүн бардык шарттарды аткарууну, жарандардын жана чет элдик жарандардын уюшкан түрдө чыгып кетишин камсыз кылууну талап кылабыз»,делген.
Украинанын Башкы штабы Орусиянын Беларус чек арасынан ракеталык чабуулдарын улантып жатканын билдирди.
Башкы штабдын Фейсбук эсебинен жасалган билдирүүдө орус күчтөрүнүн түн жарымынан бери Украинанын отурукташуу жерлерине ракета, бомба жана артиллериялык кол салуулары болгону баса белгиленди.
«Баскынчылар Украинага абадан сокку уруу үчүн Беларустун аба мейкиндигин колдонууну улантууда», - деди ал.
Билдирүүдө украин армиясынын орус аскерлеринин алдыга жылышын токтотуу үчүн бардык багытта коргонуу операцияларын жүргүзгөнү, орус күчтөрүнүн жерде чоң жоготууларга учурашын улантканы белгиленди.
Башкы штабдын башка бир билдирүүсүнө караганда, 24-февралдан бери Украина менен Орусиянын ортосундагы согушта 11 миңден ашуун орус аскери каза болду.
Муну менен катар 46 учак, 68 тик учак, 290 танк, 999 бронетехника, 117 артиллериялык система, 454 унаа, 60 күйүүчү май сактагыч жана 7 учкучсуз учуучу аппарат талкаланды.
Бир тараптан Орусиянын Су-25 согуштук учагы Харьковго жакын жерде Украинанын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөнү кабарланды.
Аймактык аскердик башкаруунун башчысы Олег Синегубов Орусиянын Су-25 согуштук учагы Харьковдо украин күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөнүн билдирди. Синегубов: «Душмандын учагынын учкучу секирип кете албай, ошол жерде каза болду. Учак Кулиничи аймагына кулап түштү»,-деп айтты.
Социалдык тармактарда орусиялык согуштук учактын кыйрашынын видеосу жарыяланды.
Бул арада Украинанын вице-премьер-министри, убактылуу оккупацияланган аймактарды реинтеграциялоо министри Ирина Верещук, кагылышуулар уланып жаткан Мариуполдо элди эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридордун ачылышына Орусиянын дагы бир жолу тоскоол болгонун билдирди.
Мариуполго бара жаткан гуманитардык жардам конвою менен эвакуация кылынышы керек болгон жолду Орусиянын кайрадан аткылаганын белгилеген Верещук, Запарожьеден барышы керек болгон 8 жүк ташуучу унаадан турган гуманитардык жардам конвойунун Мариуполго азык-түлүк жана дары-дармек алып келүүсү керектигин, 30 автобустун да кайтып келе жаткан жолдо аялдар, балдар жана кары-картаңдарды эвакуациялоосу керектигин, бирок Орусиянын бомбалоосунан гуманитардык коридор ачылбай жатканын билдирди.
Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул коюусун баштаган.