Орусияда "дос эмес" өлкөлөрдүн тизмеси бекитилди

Бекитилген тизмеде АКШ, Евробиримдик өлкөлөрү, Улуу Британия, Түштүк Корея, Япония, Украина, Швейцария жана Сингапур сыяктуу өлкөлөр менен катар Орусияга каршы санкция киргизген дагы 15 өлкө бар.

1791236
Орусияда "дос эмес" өлкөлөрдүн тизмеси бекитилди

Орус өкмөтү "Орусияга дос эмес өлкөлөрдүн тизмесин" бекитти.

Орус өкмөтүнүн билдирүүсүндө Орусияга, фирмаларына жана жарандарына карата достук эмес кадамдарга барган өлкөлөрдүн тизмеси бекитилгени кабарланды.

Бекитилген тизмеде АКШ, Евробиримдик өлкөлөрү, Улуу Британия, Түштүк Корея, Япония, Украина, Швейцария жана Сингапур сыяктуу өлкөлөр менен катар Орусияга каршы санкция киргизген дагы 15 өлкө бар.

Орусиянын президенти Владимир Путин 5-мартта кол койгон жарлыкка ылайык, орус компанияларына дос эмес өлкөлөрдөгү компанияларга карызын рубль менен төлөөгө уруксат берилген. 



Тектеш кабарлар