Россияда Твиттер жана Фейсбукка кирүүгө тыюу салынды

Россиянын маалымат технологиялары жана массалык маалымат каражаттарын көзөмөлдөө федералдык агенттигинин билдирүүсүндө Фейсбукта орус медиа уюмдарына карата дискриминация бар экени белгиленди.

1790159
Россияда   Твиттер  жана  Фейсбукка кирүүгө тыюу салынды

Россияда Твиттер жана Фейсбук социалдык тармактарына кирүүгө тыюу салынды.

Россиянын маалымат технологиялары жана массалык маалымат каражаттарын көзөмөлдөө федералдык агенттигинин билдирүүсүндө Фейсбукта орус медиа уюмдарына карата дискриминация бар экени белгиленди.

Фейсбуктун РИА Новости, Russia Today жана Sputnik өңдүү орус маалымат каражаттарын цензурага алганына көңүл бурулган билдирүүдө : "Фейсбукка Россиянын аймагында кирүүгө тыюу салуу чечими кабыл алынды",- деп айтылды. 

Бир тараптан мекеменин башка бир билдирүүсүндө Россиянын Башкы прокуратурасынын 24 - февралдагы талабы менен Россия Федерациясында twitter.com булактарына кирүүгө чектөө коюлганы белгиленди.

Билдирүүдө массалык баш аламандыкка, экстремисттик аракеттерге, белгиленген тартипти бузуу менен уюштурулган массалык иш-чараларга катышууга чакырыктарды камтыган сайттарга кирүүгө чектөө киргизүү чечими «Маалымат, маалыматтык технологиялар жана маалыматты коргоо жөнүндө» мыйзамга ылайык кабыл алынганы билдирилди.  

 

 



Тектеш кабарлар