Россияда фейк маалыматтарды тараткандарга 15 жыл абак жазасы берилет

Владимир Путин Украинадагы согуш тууралуу жалган маалымат жайылткандарды эркинен ажыратуу боюнча жарлыкка кол койду.

1790214
Россияда фейк маалыматтарды тараткандарга 15 жыл  абак жазасы берилет

Россияда Украинадагы согуш тууралуу "фейк маалымат жайылткандар" 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Россиянын президенти Владимир Путин Украинадагы согуш тууралуу жалган маалымат тараткандарды эркинен ажыратуу боюнча жарлыкка кол койду.

Атайылап фейк маалымат жайылткандардын 10 жыл эркинен ажыратылышы бекитилген жарлык менен эгерде бул кабарлар "олуттуу кесепеттерге" алып келсе жазанын мөөнөтү 15 жылга чейин чыгарылат. 

Ошол эле учурда борбору  АКШ болгон  CNN жана Bloomberg телеканалдары  Владимир Путин Украинадагы согуш тууралуу «жалган маалымат тараткандар» үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратууну караган жобону бекиткенден кийин Россиядагы ишин токтоткондорун жарыялашты.

CNN телеканалынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : "CNN кырдаалга баа берип, келечектеги кадамдары тууралуу иштеп,  Россиядагы берүүлөрүн токтотот», - деп маалымдалды. 

Bloombergтин башкы редактору Жон Миклетвейт да жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : "Россиядагы иштерибизди токтотуу чечимин чыгардык",- деди. Путин кол койгон жарлыктын "көз карандысыз журналисттерди камоо үчүн" долбоорлонгондугун белгилеген Миклетвейт : "Мындай абалда Россияда нормалдуу журналистика жүргүзүү мүмүкн эмес",- деди. 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар