Британиялык журналисттер Украинада жаракат алышты
Журналисттерге кол салууну орусиялык чалгындоочу отряддын жасаганы билдирилди.
Британдык Sky News каналынын башкы кабарчысы Стюарт Рамсай жана 4 кесиптеши Россиянын Украинадагы кол салуусунда жарадар болушту.
Би-Би-Синин кабарына караганда, Рамсай жана 4 кесиптеши дүйшөмбү күнү коопсуз болбогондуктан башка шаарга барууну токтотуп, борбор шаар Киевге кайтып келе жатканда унааларына ок атылды. Ок атылган унуудан чыгып бир заводдун имаратына жашырынган топту Украина полициясы куткарды. Окуяда Рамсай белинен жаракат алып, оператор Ричи Моклердин жилетине эки ок тийген.
Журналисттерге кол салууну орусиялык чалгындоочу отряддын жасаганы билдирилди.
Британиянын премьер - министри Борис Жонсон Твиттердеги билдирүүсүндө Sky News кызматкерлеринин эрдигин мактап, журналисттердин чындыкты жеткирүү үчүн өз өмүрүн тобокелге салышканын айтты.
Жонсон : "Эркин басма сөз жапайы жана туш келди зомбулук менен коркутула албайт",- деди.
Би-Би-Си кечээ Россиядагы ишин убактылуу токтоторун жарыялаган.
Тектеш кабарлар
Кэтрин Рассел балдардын "экстремалдуу аба кубулуштарына карата коргоочусуз» экендигин айтты
Аба ырайынын өзгөрүшү өткөн жылы 85 өлкөдө 242 миллион баланын билим алуусун үзгүлтүккө учуратты.