Столтенберг Путинге чакыруу салды

Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун баш кеңсесинде сөз сүйлөдү.

1790008
Столтенберг Путинге чакыруу салды

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг : "Украинада мындан да жаман кол салуулар болот, биз да мунун кунун төлөтөбүз",- деди. 

Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун баш кеңсесинде сөз сүйлөдү.

Россиянын президенти Владимир Путинди Украинадагы согушту дароо токтотууга жана бардык күчтөрүн Украинадан эч кандай шартсыз чыгарып кетүүгө чакырган Столтенберг Украинадагы өлүм жана кыйроонун жакынкы күндөрдө дагы да күчөшү мүмкүн экенин эскертти.

Столтенберг союздаштардын Украина жеринде же Украина аба аянтында НАТОнун аскерлеринин болбошу керектиги боюнча бирдей   пикирде экенин айтты.

НАТОнун дипломатиялык каналдарын ачык кармоо позициясын улантканын белгилеген Столтенберг, НАТОнун Украинадагы кагылышууга кириши менен Европада чоң масштабдуу согуштун чыгышы мүмкүн экендигине  көңүлдөрдү бурду.

Украинадагы абалдын алдыдагы күндөрдө дагы начарлашы мүмкүн экенин белгилеген Столтенберг Путинди дипломатиялык жолдорго кайрылууга чакырды. Столтенберг НАТО союздаштарынын бул согуштун Украинанын чегинен тышкары күчөшүнө жол бербөөгө милдеттүү экенин айтты.

Столтенберг Украинада учууга тыюу салынган аймактын болбой турганын жана аскерлердин жиберилбей турганын дагы бир жолу кайталады. Журналисттердин Украинага учак берелеби деген суроосуна : "НАТО Украинага башка түрдүү аскердик жардамдарды берүүдө. Союздаштардын танкка каршы курал жана абадан коргонуу ракеталарын бергендиги белгилүү. Мындан башка дагы кенен маалымат бере албаймын",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар