Орусияда тынчтыкты каалагандар кайрадан көчөдө

Көпчүлүгү жаштар болгон митингчилерге полиция кийлигишти.

1789732
Орусияда тынчтыкты каалагандар кайрадан көчөдө

Орусияда Украина менен согушту токтотуу жана тынчтыкты камсыз кылуу үчүн нааразылык акциялары уланууда.

Кечээ борбор калаа Москва жана Санкт-Петербург баш болгон ар кайсы шаарларда Орусия-Украина согушуна каршы өткөрүлгөн уруксатсыз нааразылык акцияларына жүздөгөн адамдар катышты.

Полиция катуу чараларды көргөн Москванын борборундагы Манежная аянтына чогулган эл согушка каршы баннерлерди көтөрүп, ураандарды кыйкырып турушту.

Орус өкмөтүнөн Украинадагы согушту токтотуп, тынчтыкты орнотууну талап кылган митингчилер Санкт-Петербургдун Невский көчөсүнө да чогулду.

Көпчүлүгү жаштар болгон митингчилерге полиция кийлигишти.

Москва менен Санкт-Петербург баш болгон 20 шаарында өткөрүлгөн уруксатсыз акцияда 350дөй кишинин кармалганы айтылды.

24-февралдан бери өлкө боюнча өтүп жаткан согушка каршы нааразылык акцияларында 8100дөн ашуун кишинин камакка алынганы кабарланды.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу. 



Тектеш кабарлар