Макрон кайрадан ат салышат

Макрон бул шайлоонун өлкөнүн алдыдагы 5 жылдык багытын аныктай турганын маалымдады.

1789512
Макрон кайрадан ат салышат

Франциянын президенти Эммануэль Макрон келерки айда боло турган президенттик шайлоого кайрадан ат салышарын жарыялады.

Француз элине кайрылуу иретинде жазган жана жергиликтүү гезиттерге жарыялаган катында Макрон өлкөсүнүн акыркы 5 жылда көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн жана көптөгөн тармакта иш алып барышканын белгиледи.

Азырынча бардыгын ишке ашыра электерин билдирген Макрон «Балдардын Франциясын» курууну каалаганын айтты.

Ушул себептен улам Макрон президенттик шайлоодо кайра шайланууга талапкер экенин билдирди.

Өлкөнүн эгемендүүлүккө жетиши үчүн экономиканы күчтөндүрө тургандарына көңүл бурган Эммануэль Макрон, билимге жана мугалимдердин талабына артыкчылык берерин, адилетсиздиктер менен күрөшө турганын айтты.

Макрон бул шайлоонун өлкөнүн алдыдагы 5 жылдык багытын аныктай турганын маалымдады.

Өлкөдө президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 10-апрелде өтөт. Эгерде талапкерлердин бири биринчи айлампада абсолюттук көпчүлүккө ээ боло албаса, эң көп добуш алган эки талапкер 24-апрелде боло турган экинчи турда ат салышат.



Тектеш кабарлар