Байден менен Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү

Ак үй жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1789604
Байден менен Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Орусияны Украинадагы Европанын эң чоң электр станциясы болгон Запорожье атомдук электр станциясындагы аскердик операцияларды токтотууга жана өрт өчүрүүчүлөрдүн аймакка кирүүсүнө уруксат берүүгө чакырды.

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Жо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө, Запорожье атомдук станциясынын талаасындагы кагылышуулардын натыйжасында чыккан өрт тууралуу маалымат алды.

Байден Орусияны атомдук электр станциясынын айланасындагы аскердик аракеттерди токтотууга жана өрт өчүргүчтөр менен чукул жардам топторунун аймакка кирүүсүн камсыздоого чакырды.

Мындан тышкары, Байден атомдук станцияга байланыштуу АКШнын Энергетика министрлигинин ядролук коопсуздук кеңешчиси жана Улуттук ядролук коопсуздук башкармалыгынын башчысы менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Бир тараптан АКШнын Мамлекеттик депатаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулебанын телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтты.

Сүйлөшүүдө Украинага дүйнөдө колдоо көрсөтүү үчүн ташталган кадамдар жана Украинага кошумча коопсуздук, экономикалык жана гуманитардык жардамдар каралды.

Блинкен Орусиянын кургактыктан, абадан жана деңизден кол салууларында каза болгондорго көңүл айтып, АКШнын Украинанын кайгысын тең бөлүшкөнүн билдирди. 

Запорожье атомдук электр станциясы Европадагы эң чоң атомдук электр станциясы жана дүйнөдөгү эң чоң 10 атомдук электр станциясынын бири катары белгилүү.

Орусия-Украина согушунун алгачкы күндөрүндө өлкөнүн түндүгүндөгү орус аскерлери Чернобыл атомдук электр станциясын көзөмөлгө алышкан.

Өлкөдөгү 4 жайда 15 активдүү өзөктүк реакторго ээ Украина электр энергиясынын жарымына жакынын ушул станциялардан камсыздайт.



Тектеш кабарлар