Украинанын жээгинде Эстонияга таандык кеме чөгүп кетти

Бул тууралуу британиялык The Independent интернет гезитинин кабарында маалымат берилди.

1789390
Украинанын жээгинде Эстонияга таандык кеме чөгүп кетти

Орусия кол салган Украинанын Одесса портунун жанында Эстониянын жүк ташуучу кемеси чоң жарылуудан кийин чөгүп, экипаждын 4 мүчөсү жоголгону кабарланды.

Британиялык The Independent интернет гезитинин кабарына караганда, Helt моделиндеги жүк ташуучу кеменин ээси Таллинде жайгашкан Vista Shipping агенттигинин башкы директору Игорь Илвес экипаждын 2 кишиси деңиздин ортосундагы куткаруучу кайыкта болгонун, ал эми калган 4 жоголгонун билдирди.

Илвес узундугу 79 метр, салмагы 1500 тоннадан ашкан кеме деңиздеги минага урунган болушу мүмкүн экенин айтты.

Кеменин Панама желеги астында болгону белгиленди.

Украинанын Олвия портунда Бангладешке таандык жүк ташуучу кемеге кечээ Орус ракетасы тийип, окуяда бангладештик деңизчи каза болгон.

Бангладештин Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта каза болгон адамдын мамлекеттик жүк ташуучу кеменин экипажы экени, кеменин 24-февралда башталган согуштан улам Олвия портунда тыгылып калганы белгиленген.



Тектеш кабарлар