Румынияда аскердик учак кырсыкка учурады

Румынияда 7 аскердин каза болушуна себеп болгон MIG-21 аскердик учактын кырсыкка учурашы менен урандысын издегени чыккан тик учар да кырсыкка кабылды.

1788892
Румынияда аскердик учак кырсыкка учурады

Румынияда 7 аскердин каза болушуна себеп болгон MIG-21 аскердик учактын кырсыкка учурашы менен урандысын издегени чыккан тик учар да кырсыкка кабылды. 

Румыниянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Константин Спану соцтармактан  Добружада аба күзөтүн жүргүзүп жатканда радардан жоголгон Румыниянын MIG - 21 аскердик учактын   жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:03тө башкаруу мунарасы менен радио байланышы үзүлгөнүн билдирди.

Катчы Спану MIG - 21  аскердик учагынын кырсыкка учурашынан кийин учактын урандысын  издөө үчүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:21 чыккан IAR-330  Пума тик учагынын да ошол эле аймакта жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:44тө көзөмөлдөө мунарасы менен байланышынын үзүлгөндүгүн  жарыялады. 

MIG - 21 аскердик учагынын учкучун издөө -  куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгын белгилеген Спану  учкучтун абалы туралуу кенен маалыматтын жок экендигин, тик учардагы  7 аскердин каза болгондугун айтты.  

 

 



Тектеш кабарлар