Киев каршылык көрсөтүүгө даярданууда...Айрым жерлерге бомбалар түшүп жатат...

Шаардын көп жерлеринде тосмолор орнотулуп, орус аскерлеринин жана танктарынын киришине каршы чаралар көрүлүүдө.

1788944
Киев каршылык көрсөтүүгө даярданууда...Айрым жерлерге бомбалар түшүп жатат...
Ukrayna Rus tankları imha.jpg
Ukrayna imha edilen tanklar.jpg

Орус армиясынын Украинанын Харьков облусунун Изюм шаарына абадан кол салуусунда 2си бала болгон 8 жаран каза болду.

Изюм шаарынын башчысынын орун басары Владимир Мацокин Фейсбуктагы билдирүүсүндө орус күчтөрүнүн аба соккусунан шаарда чоң кыйроолор болгонун айтты.

Мацокин кол салууларда экөө бала 8 жарандын каза болгонун белгиледи.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын жазуу түрүндөгү жарыясында Украинага кол салуу башталган 24-февраль күнү саат 04.00 менен 1-март түнкү саат 12.00 ортосунда жарандардын каза болгонуна байланыштуу маалыматтар бөлүшүлдү.

Буга ылайык, согушта 31 эркек, 25 аял, 6 эркек бала , 3 кыз бала, 6 жаш бала жана жынысы азырынча белгисиз 156 чоң адам каза болуп жалпы 227 жаран каза болду, 525 жаран жаракат алды.

Ошол эле учурда Украинанын чукул кырдаалдар кызматынын билдирүүсүндө, Черниговдо күйүүчү май куюлган цистерналардын орус армиясынын соккусуна кабылганы жана кампаларда өрт чыкканы билдирилди.

Билдирүүдө кампанын 5 миң метр куб дизель майы сакталган бөлүгү күйүп, өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатканы айтылды.

Херсон районунун губернатору Геннадий Лагута болсо орус аскерлери шаарды көзөмөлгө алганын билдирди.

Херсон шаарынын мэри Игорь Колихаев да орусиялык күчтөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, айрым шарттар боюнча макулдашканын билдирди.

Ага ылайык, шаар тургундары эң көп дегенде эки кишиден турган топ менен жүрө алышат. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дөн эртең мененки саат 08:00гө чейин көчөгө чыгууга болбойт. Унааны күндүз гана колдонууга болот.

Шаарга тамак-аш жана дары-дармек сыяктуу зарыл муктаждыктарды ташыган унаалар гана кире алат. Мэр карапайым калктан өздөрүнө зыян келтирбөөсү үчүн орус аскерлерине каршылык көрсөтпөөнү суранды.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, Херсондон кийин Орусиянын бутасы Одесса шаары.

Орус деңиз флотунун согуштук кемелеринин чабуулга даярданганы белгиленди.

Борбор шаар Киев болсо каршылык көрсөтүүгө даярданып жатат.

Шаардын көп жерлеринде тосмолор орнотулуп, орус аскерлеринин жана танктарынын киришине каршы чаралар көрүлүүдө. Көчөлөргө траншеялар казылып жатканда, кээ бир көпүрөлөр жараксыз абалга келгени байкалууда.

Белгилүү болгондой, орусиялык аскер колонналары бир нече күндөн бери борборду көздөй жылып келатат.

Кечээ кечинде шаарда сиреналар угулгандан кийин чоң жарылуунун үнү угулду.

Ички иштер министри Антон Геращенко Орусия Киевдин борбордук жылытуу системасына сокку урганын билдирди.

Аймактан миңдеген адамдар эвакуацияланып жатканда Киевдин айрым жерлерине жылуулук бериле албаганы айтылды.

Орус аскерлеринин борборго жакындап келе жатканын уккан шаар тургундары күндүзү үйлөрүн таштап, коопсуз деп эсептеген жерлерге баш калкалаган.

Кээ бир адамдар унаа токтотуучу жайларга, башкалары метро станцияларына барышты.

Орус ракеталары кечээ шаардагы телемунарага да тийген.

Львов шаарында болсо  Орусиянын кол салуусунан кийин армияга жардам берүүнү каалаган ыктыярчылар тегеректеги аймактан кырккан темирди ширетип өндүргөн жана «кирпи» деп атаган танк тосмолорун, курулуп жаткан тосмолорго жөнөтүп жатышат.

Арасында фотографтар, скульпторлор, инженерлер, ашпозчулар жана ар кандай кесип ээлери болгон ыктыярчылар Украинанын көз карандысыздыгы жана эркиндиги үчүн колдон келгендин баарын кыла тургандыктарын билдиришти.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган.



Тектеш кабарлар