Акса мечитине бир айда 20 жолу рейд жасалды

Палестина фонддор жана Дин иштери боюнча министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израиль оккупация астындагы ыйык жерлерге карата бөгөт коюу жана эреже бузууларга орун берилди.

1789266
Акса мечитине бир айда 20 жолу рейд жасалды

Палестина фонддор жана Дин иштери боюнча министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израиль оккупация астындагы ыйык жерлерге карата бөгөт коюу жана эреже бузууларга орун берилди.

Маалыматта февраль айында Акса мечитине 20 жолу рейд жасалып «ыйык жерлерге жамандыктын» жасалгандыгы белгиленди. Маалыматта өзгөчө оккупациядагы Батыш Шерианын Хеврон шаарындагы Харем-и Ибрахим мечитинде 43 жолу азан айтылышына тыюу салынганы да баса белгиленди.

Израилдин еврей майрамдарын шылтоолоп  Акса мечити жана Харем  -  и Ибрахим мечитине карата эреже бузууларды арттырганына көңүл бурулган маалыматта рейдге катышкан фанат еврейлердин түрдүү ырым  - жырымдарды жасаганы белгиленди.

Израиль алып келген «тыюу салуулардан» улам Харем  - и Ибрахим мечитинде 1994 -  жылдан бери жума күндөрү шам жана куптан  азандары, ишемби күндөрү шам азандары айтылбайт.

Мунун тышында Израиль еврей майрамдарын  шылтоолоп айрым күндөрдө да азан айтылышына уруксат бербей жатат.

Еврейлердин Акса мечитине рейд уюштурушу Израиль полициясынын бир тараптуу чыгарган чечими менен 2003 -  жылы башталды.

Иорданиянын Фонддор жана исламдык  иштер министрлигине караштуу Кудус Исламдык Фонддор башкармалыгынын бардык аракеттерине карабастан Израил бийликтери рейддерди улантууда.

Израил полициясынын коштоосунда фанат еврейлер күнүгө эки жолу эртең менен жана түштөн кийин Акса мечитинин түштүк - батыш дубалындагы Аль-Магарибе дарбазасы аркылуу Харам-и Шарифтин короосуна кирүүдө.



Тектеш кабарлар