Израиль күчтөрү 35 палкестиналыкты камакка алды

Камакка алынгандардын арасында 26 -  мартта болгон жергиликтүү шайлоодо Хеброн шаарынын мэрлигине талапкер болгон Абдулкерим ел  - Феллахтын да бар экендиги маалымдалды.

1788604
Израиль күчтөрү 35 палкестиналыкты камакка алды

Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериада 35 палестиналыкты камакка алгандыгы билдирилди.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, Израил аскерлери Батыш Шерианын ар кайсы жерлеринде тинтүү жүргүздү.

Тинтүү учурунда Бейтуллахим, Женин жана Наблус шаарларынан 35 палестиналык камакка алынды.

Камакка алынгандардын арасында 26 -  мартта болгон жергиликтүү шайлоодо Хеброн шаарынын мэрлигине талапкер болгон Абдулкерим ел  - Феллахтын да бар экендиги маалымдалды.  

Оккупациядагы Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста бат  - бат үйлөргө жасалган тинтүүлөрдө Израиль аскерлери түрдүү шылтоолор менен палдестиналыктарды камакка алууда.

Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста көнүмүш адатка айланган  камакка алуулардан кийин араларында аялдар менен балдар да болгон палестиналыктардын айрымдары көптөгөн күн камоо борборлорунда кармалууда.

 



Тектеш кабарлар