Украина аскердик бөлүгүнө кол салуу болду

Суми губернатору Дмитрий Живицкий Телеграм эсебинен берген маалыматта ердик бөлүктүн орус армиясы тарабынан атылгандыгын, кол салууда 70ке жакын Украина аскеринин каза болгондугун жарыялады.

1787581
Украина аскердик бөлүгүнө кол салуу болду

Украинанын  Суми провинциясынын Ахтырка шаарындагы аскердик бөлүккө  орус армиясы тарабынан жасалган ракеталык кол салууда 70ке жакын аскер каза болду.  

Суми губернатору Дмитрий Живицкий Телеграм эсебинен берген маалыматта Ахтырка шаарындагы аскердик бөлүктүн орус армиясы тарабынан атылгандыгын, кол салууда 70ке жакын Украина аскеринин каза болгондугун жарыялады. Живицкий топтордун жана ыктыярдуулардын аскердик бөлүктүн урандыларында издөө – куткаруу иштерин жүргүзгөндүгүн айтты.

Шаарда орус аскерлерине таандык көп сандаган сөөктүн табылгандыгын белгилеген Живицкий бул сөөктөрдү чогултушкандарын жана Эл аралык Кызыл Крест уюмуна тапшырышкандарын белгиледи.

Ошол эле учурда Россиянын Украинага карата кол салуулары улантылып, орус бөлүктөрүнүн борбор шаар Киевде логистикалык кампасын атуусу менен 28 киши каза болду.

Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматынын билдирүүсүндө орус армиясынын бүгүн эртең менен жасаган ракеталык кол салуусунун Харьков губернаторлугуна, имарат жайгашкан Эркиндик аянтына жана айланасындагы башка имараттарга чоң зыян келтиргени билдирилди. Кол салууда 6 жарандын жаракат алгандыгы, алардын ичинен бирөөсүнүн бала экендиги билдирилген маалыматта каза болгондор тууралуу азырынча тактала электиги белгиленди. 

Харьков губернатору Олех Сыньехубов шаарга түнү бою ракеталык кол салуунун жасалганын маалымдады.Олех Сыньехубов акыркы 24 саатта жарылууга себеп болгон 24 өрттү өчүрүшкөндөрүн айтты. 

Көчөлөрдө токтоп турган көптөгөн унаалардын өрттөлнөнүн белгилеген Сыньехубов, жарандар арасында каза болгондордун жана жаралангандардын болгонун айтты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус бөлүктөрүнүн логистикалык жерлерди бутага алгандыгын жана олуттуу зыян келтиргендигин билдирген.
Бир тараптан Украинанын Вашингтон элчиси Оксана Маркарова Россиянын Украинага кол салуусунда Женева келишими боюнча колдонууга тыюу салынган вакум бомба колдонгондугун жарыялады.

Ак үйдүн катчысы Жан Псаки күнүмдүк пресс  - жыйынында маалымат берип : «Бул кабарларды көрдүк бирок азырынча аныктала элек. Эгерде туура боло турган болсо бул согуштук кылмыш болот»,- деди.

Россия армиясынын Украинанын борбор шаары Киевге аскер жиберүүсүнүн спутниктен тартылып алынган көрүнүштөрү да медиада жарыялана баштады.

Мындан мурда орус колоннасынын узундугу 27 километр экендигин билдирген АКШ борбору болгон Maxar Technologies фирмасы Киевге жакындаган орус аскердик колоннасынын узундугунун 64 километрдик узундукта экендигин билдирген.

Күндүз алган жаңы көрүнүштөрдү жарыялаган фирма колоннанын Киевге 43 километр аралыктагы Антонов аба базасынан Украинанын Присбырск шаарынын түндүгүнө барганын белгиледи.

Украина  -  Россия ортосундагы согуш алтынчы күнүндө да улантылууда. Азырынча бир шаар борборун колго ала элек жана Киевди басып алуу жолунда бара жаткан орус бөлүктөрүнүн Украина армиясынын катуу каршылыгы менен бетме  - бет экендиги айтылууда.

Орус аскерлери 24 -  февралда Украинага кол сала баштаган.



Тектеш кабарлар