Колумбияда 13 шахтердун сөөгү табылды
Улуттук тоо кен агенттиги ANMнын билдирүүсүндө, жарылуудан кийин жүргүзүлүп жаткан издөө - куткаруу иштери учурунда 13 шахтердун жансыз денелеринин чыгарылгандыгы билдирилди.
Кечээ Колумбияда бир шахтада болгон жарылууда 15 шахтердон 13нүн сөөгү чыгарылды.
Улуттук тоо кен агенттиги ANMнын билдирүүсүндө, жарылуудан кийин жүргүзүлүп жаткан издөө - куткаруу иштери учурунда 13 шахтердун жансыз денелеринин чыгарылгандыгы билдирилди.
ANM дайынсыз жоголгон эки шахтердун табылышы үчүн иштердин улантылып жаткандыгын маалымдады.
Бойака административдик аймагындагы Соча шаарында мыйзамсыз иштетилген алтын кенинде болгон мина жарылуусунан кийин шахтерлор шахтада камалып калган. Жарылуу тууралуу тергөө иши башталды.
Колумбияда коопсуздук чараларынын жоктугу жана кендерди мыйзамсыз чалгындоодо көзөмөлүнүн жоктугунан көп сандаган адам өлүмү менен коштолгон кырсыктар болууда.
2010-жылы "өлкө тарыхындагы эң каргашалуу кырсык" катары катталган көмүр шахтасындагы жарылуудан 73 адам каза болгон.