Греция "Украинадан качкандарды кабыл алууга даярбыз"

Кирякос Мицотакис Россиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу парламентте сүйлөгөн сөзүндө, согуштан улам жүз миңдеген адамдын жер которгонуна басым жасады.

1787899
Греция "Украинадан качкандарды кабыл алууга даярбыз"

Грециянын Украинадан келген качкындарды кабыл алууга даяр экени кабарланды.

Грециянын премьер - министри Кирякос Мицотакис Россиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу парламентте сүйлөгөн сөзүндө, согуштан улам жүз миңдеген адамдын жер которгонуна басым жасап : «Европа сыяктуу биз да согуштан качкандарды кабыл алууга даярбыз»,- деди.

Өлкөдө ондогон бейөкмөт уюмдардын чыгыштан келген качкындарга берген колдоосун эске салган Мицотакис бейөкмөт уюмдарды Украинадан келген качкындарга да колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Мицотакис стратегиялык автономиянын Европанын коопсуздугу үчүн маанисин баса белгилеп, Европа өлкөлөрүнүн ортосунда коргонуу тармагындагы кызматташтык мамилелерин өнүктүрүү зарыл экенин айтты.

Жаратылыш газ жана электр баасында мүмкүн болгон баанын жогорулашына көңүлдөрдү бурган Мицотакис Греция менен Европанын энергетикалык коопсуздугу үчүн Россиянын жаратылыш газы жана жалпы көмүр суутек энергия булактарынан эң кыска убакытта көз карандысыз болушу керектигин белгиледи.



Тектеш кабарлар