YouTube Орусиянын мамлекеттик медиасына бөгөт койду

YouTube басма сөз катчысы Фаршад Шадлоо Орусиянын Украинага жасаган чабуулуна жооп катары көрүлгөн кадамдарды түшүндүрдү.

1786474
YouTube Орусиянын мамлекеттик медиасына бөгөт койду

Америкалык онлайн видео бөлүшүү жана социалдык медиа платформасы YouTube Орусиянын Украинага жасаган чабуулунан улам Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттарынын жарнамасын жана акча табуусун токтотту.

YouTube басма сөз катчысы Фаршад Шадлоо Орусиянын Украинага жасаган чабуулуна жооп катары көрүлгөн кадамдарды түшүндүрдү.

Шадлоо Орусиянын мамлекеттик медиасынын көптөгөн каналдары, анын ичинде Russia Today (RT) YouTube сайтында жарнама жана акча табуудан убактылуу токтотулганын билдирди.

Аталган каналдардын YouTube'дагы сунуштарынын да чектелүү экенин белгилеген Шадлоо, Украина өкмөтүнүн талабы менен бул каналдарга кирүүнүн Украинада жабылганын белгиледи.

Ошол эле учурда YouTube расмий өкүлү жакында «макулдашылган алдамчылык аракеттерге» каршы эрежелер сыяктуу жүздөгөн каналдарды жаап, платформанын саясаттарын бузган миңдеген видеолорду алып салганын жарыялады.

Google'дун басма сөз катчысы Майкл Эйсиман Орусиянын мамлекеттик медиасына таандык көптөгөн каналдардын Google жарнама кызматтары аркылуу жарнама жана акча табуу ишин токтотконун жарыялады.

Бир тараптан Twitter Safety эсебинен жасалган билдирүүдө Украина жана Орусияда жарнамалардын убактылуу токтотулганы белгиленди.

Билдирүүдө айтылган кадамдын коомдук коопсуздук маалыматынын көрүнүүсүн камсыз кылуу жана жарнамалардын бул маалыматтын маанилүүлүгүн азайтпашы үчүн ташталганы белгиленди.

Фейсбук ошондой эле Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттарына жарнама жана акча табууга тыюу салды.

Орусия Украинага каршы аскердик операциясын 24-февралда баштаган.



Тектеш кабарлар