Көп сандаган өлкөлөр Орусия үчүн аба мейкиндигин жапты

Молдова Орусияга аба мейкиндигин жапкан биринчи өлкө болду.

1786806
Көп сандаган өлкөлөр Орусия үчүн аба мейкиндигин жапты

Орусиянын Украинага кол салуусунан кийин Орусияга каршы көптөгөн санкциялар алдыңкы планга чыгып, Европа Биримдиги (ЕБ), Украина, Молдова, Бритаия, Исландия, Түндүк Македония жана Канада аба мейкиндиктерин Орусия үчүн жапты.

Молдова кол салуу болгон күнү Орусияга аба мейкиндигин жапкан биринчи өлкө болду.

Молдованын Жогорку Коопсуздук Кеңеши 24-февралда Орусиянын Украинага жасаган чабуулунан улам өлкөнүн аба мейкиндигин жабуу чечимин чыгарган.

Орусияга аба мейкиндигин жабуу чечиминде Молдовадан кийин Польша, Британия, Эстония, Чехия, Румыния, Латвия, Литва, Польша, Болгария, Исландия, Финляндия, Дания, Швеция, Нидерландия, Италия жана Франция болду.

Кол салуунун 4-күнүндө Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Европа Биримдигинин да аба мейкиндигинин Орусия үчүн жабылганын жарыялагандан кийин Европада аба мейкиндиги Орусияга жабык болгон өлкө саны 30дан ашты.

Фон дер Ляйен кечээки билдирүүсүндө, Евробиримдиктин аба мейкиндигин Орусиянын аба мейкиндигине жабууну чечкендерин айтып: "Буга олигархтардын жеке учактары да кирет», - деген болчу. 

Канаданын транспорт министри Омар Алгабра Твиттерден Канаданын да Орусия үчүн аба мейкиндигин жапканын жарыялады.

Орусия үчүн аба мейкиндиги жапкан Европа өлкөлөрү төмөнкүлөр:

Украина, Молдова, Британия, Исландия, Германия, Австрия, Бельгия, Болгария, Чехия, Дания, Эстония, Финляндия, Норвегия, Франция, Түштүк Кипр администрациясы, Хорватия, Нидерландия, Ирландия, Испания, Швеция, Италия, Латвия, Литва , Люксембург, Венгрия, Мальта, Польша, Португалия, Румыния, Словакия, Словения, Греция, Тундук Македония.



Тектеш кабарлар