Украина туткундагы орус аскерлерине атайын линия куруп берет...

Бул тууралуу Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко маалымат берди.

1786146
Украина туткундагы орус аскерлерине атайын линия куруп берет...

Украинанын каза болгон же туткунга түшкөн орус аскерлеринин үй-бүлөлөрү үчүн «Украинадан тирүү кайтып келгиле» аттуу атайын байланыш линиясын кура турганы маалымдалды.

Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко:"Бул телефон линиясы аркылуу сиз өзүңүздүн туугандарыңыз (орусиялык жоокерлер) тирүүбү, туткундабы же жарадарбы же жокпу, биле аласыз, же каза болгон тууганыңыздын сөөгүн качан жана кантип алып кетүүнү чече аласыз. Ошондой эле күйөөң менен уулуң үчүн СМС жөнөтө аласыз»,-деди.

Украинанын бул кадамы менен Орусия башкаруучулугуна кысымын күчөтүүнү максат кылганы каралууда.

Киев администрациясы 3500дөн ашуун орус жоокери набыт болду деп ырастаса, бийлик туткунга түшкөн орус аскерлеринин сүрөттөрүн жана сүйлөгөн сөздөрүн журналисттер менен бөлүшүүдө.

Бир тараптан Украинанын ички иштер министри Денис Монастирский борбор калаа Киевде ыктыярчыларга 25 миңден ашуун курал жана 10 миллион ок-дары таратылганын жарыялады.

Орусия 24-февралда Украинага карай аскердик операциясын баштаган.



Тектеш кабарлар