Индонезиядагы жер титирөөдө каза тапкандардын саны 10го жетти

Индонезиянын Суматра аралында 25-февралда болгон 6,2 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны улам көбөйүп баратат.

1786306
Индонезиядагы жер титирөөдө каза тапкандардын саны 10го жетти

Индонезиянын Суматра аралында 25-февралда болгон 6,2 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 10го жетип, жаракат алгандардын саны 388 деп белгиленди.

Улуттук апаатты башкаруу агенттигинин (BNPB) басма сөз катчысы Абдул Мухари, Суматра аралынын түндүгүндө мурунку күнү болгон жер титирөөдө урап түшкөн имараттын калдыктары менен жер көчкүдөн улам жер астында калгандар үчүн издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын айтты.

Мухари изилдөөлөрдүн натыйжасында эки адамдын сөөгү дагы табылганы менен жер титирөөдө каза болгондордун саны 10го жеткенин билдирди.

Каза болгондордун 6сынын Пасаман, 4үнүн Батыш Пасаман аймагынан болгонун белгилеген Мухари жер титирөөдө жаралангандардын саны 388, эң аз 40ы оор экенин айтты.

Мухари апаатта эң аз 1400 имараттын жабыркаганын, 13 миңден ашуун кишинин үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгонун белгиледи.

Америка геологиялык изилдөө борбору (USGS) 25-февралда 6,2 баллдык жер титирөөнүн Суматра аралынын түндүгүндөгү Батыш Суматрадагы Букитингги шаарынан 66 километр түндүк-батышта 12 километр тереңдикте катталганын жарыялады.

Жер титирөөнүн коңшулаш Риау жана Түндүк Суматра штаттарында, Сингапур менен Малайзияда да сезилгени бөлүшүлдү.

Жооптуу кызматкерлер жер титирөөнүн аймакта жер көчкүгө алып келгенин билдирди.



Тектеш кабарлар