Орусияда согушка каршы демонстрациялар уланууда

Шаардын Невский көчөсүнө чогулган жүздөгөн адамдар Орусиянын Украинадагы аскерий интервенциясына жана согушка каршы баннерлерди көтөрүп чыгышты.

1785794
Орусияда согушка каршы демонстрациялар уланууда

Орусиянын экинчи чоң шаары Санкт-Петербургда Украинага каршы аскерий операцияга нааразылык демонстрациялары экинчи күнү уланып жатканда, ондогон адамдар кармалды.

Шаардын Невский көчөсүнө чогулган жүздөгөн адамдар Орусиянын Украинадагы аскерий интервенциясына жана согушка каршы баннерлерди көтөрүп чыгышты.

Демонстрацияга катышкандар «Согушка жол жок» деп ураан чакырып жатканы байкалса, активисттердин арасында жаштар менен катар карылар да бар экени көңүл бурду.

Демонстрацияларда Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы да ураандар чакырылып, полиция менен демонстранттардын ортосунда маал-маалы менен кагылышуулар болуп, 60тан ашуун киши кармалды.

Бир тараптан полициянын нааразылык акциясы болгон аймакка үн күчөткүчтөрдү алып келип, катуу музыка менен ураандардын үнүн басууга аракет кылганы байкалды.

Кечээ борбор калаа Москва менен катар Орусиянын көптөгөн шаарларындагы демонстрацияларда 1500дөн ашуун киши кармалды.



Тектеш кабарлар