Зеленский элге кайрылуу жасады

Зеленский түндүктө «душмандын» Чернигов аймагынан акырындап жылып баратканын билдирди.

1784871
Зеленский элге кайрылуу жасады

Украинанын президенти Владимир Зеленский: "Украина согуш жолун тандаган жок, бирок тынчтык жолуна кайтууну сунуштайт",- деди:

Зеленский элге кайрылуусунда Орусиянын Украинага аскердик кийлигишүүсүнө сереп салды.

Зеленский бүгүн угулуп жаткан үндөр жөн гана бомбалар эмес, Орусияны цивилизациялуу дүйнөдөн бөлгөн жаңы темир көшөгө түшүп жатканын белгиледи.

Армиялары Донбасста жакшы абалда, Харьковдо болсо кыйын абалда экенин белгилеген Зеленский, эң жаман шарттардын түштүк аймактагы Херсондо болгонун айтты.

Зеленский түндүктө «душмандын» Чернигов аймагынан акырындап жылып баратканын билдирип: "Ооба тилекке каршы жоготууларыбыз бар. Орус аскерлеринин бир нечесин колго түшүрдүк. Дарыгерлерибиз багынып бергендерге жардам берип жатышат",- деди.

"Украина согуш жолун тандаган жок бирок тынчтык жолуна кайтууну сунуштайт" деген Зеленский өз баасын берип жатып, дүйнөлүк лидерлерге бүгүн өздөрүнө жардам бербесе, эртең согуш алардын эшигин кага турганын айтты.

Украинанын президенти Твиттердеги билдирүүсүндө,  «Орусиялык баскынчы күчтөр» Чернобыль атомдук электр станциясын басып алууга аракет кылып жатканын жана бул бүткүл Европа үчүн согуш жарыясы экенин маалымдаган.

Зеленский станциянын күзөтчүлөрүнүн 1986-жылдагы трагедия кайталанбашы үчүн жан аябастан күрөшүп жатканын айткан.



Тектеш кабарлар