Зеленский дүйнө лидерлерин Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы санкция киргизүүгө чакырды

Владимир Зеленский өз элин «мүмкүн болушунча үйдө болгула» деп чакырып, өлкө боюнча аскердик абал жарыяланганын билдирди.

1784655
Зеленский дүйнө лидерлерин Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы санкция киргизүүгө чакырды

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө боюнча аскердик абал жарыялады.

Владимир Зеленский өз элин «мүмкүн болушунча үйдө болгула» деп чакырып, өлкө боюнча аскердик абал жарыяланганын билдирди.

Зеленский Орусиянын Украинадагы операциясы тууралуу:«Эгер биздин жашообузга, эркиндигибизге, балдарыбызга кол салуу болсо, биз өзүбүздү коргойбуз, кол салбайбыз, өзүбүздү коргойбуз», - деди.

Украин лидери: «Орусия биздин инфраструктурага жана чек арачыларга ракеталык чабуулдарды жасады. Жардыруу өлкөнүн көптөгөн шаарларында болду»,-деп айтты.

Украин парламенти да түн жарымынан тарта башталган өзгөчө кырдаал чечимин кабыл алды.

Өзгөчө кырдаал тууралуу жарлык 450 депутаттын 335нин колдоосу менен кабыл алынды.

Жарлыкка ылайык, өзгөчө кырдаал режими 30 күнгө созулат, керек болсо дагы 30 күнгө узартылышы мүмкүн.

Парламентте сүйлөгөн сөзүндө Коопсуздук жана коргоо кеңешинин төрагасы Алексей Данилов Орусиянын жеке коопсуздук күчтөрүнүн жана жикчилдердин Украинага каршы аракеттеринен улам мамлекеттин нормалдуу иштешин кепилдөө үчүн бул чечимди кабыл алуу зарылдыгын сезгендерин билдирди.

Экинчи жагынан, Украинанын президенти Владимир Зеленский дүйнө лидерлерин Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы санкция киргизүүгө чакырды.

Зеленский социалдык тармактарда бөлүшкөн видео кайрылуусунда АКШнын президенти Жо Байден, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жана алар Путинге каршы коалиция түзө баштаганын белгиледи.

Дүйнө лидерлерин Путинге каршы мүмкүн болгон бардык санкцияларды ишке ашырууга, өлкөсүнө аскердик жардам берүүгө жана Украинанын аба мейкиндигин Орусияга жабууга чакырганын белгилеген Зеленский: «Биз чогуу Украинаны сактап калышыбыз керек»,-деди.

Зеленский армияны колдоо үчүн бардыгын жасаганын айтып, коомчулукту дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Украинанын президенти Зеленский да Орусия менен дипломатиялык алаканы үзгөндөрүн билдирди.

Зеленский Орусиянын кол салууларын «жийиркеничтүү» деп сыпаттап, аны нацисттик Германиянын Экинчи Дүйнөлүк согуш учурундагы чабуулдарына окшоштурду.

«Биз Орусия менен дипломатиялык мамилени үздүк. Москва кандай ойдо болсо да, Украина өз эркиндигин коргоп жатат жана баш тартпайт»,-деп айтты ал.

Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн ар кайсы тарапка бөлүнгөнүн жана Орусиянын «жаман тарапта» экенин билдирген Зеленский орустардан бул кол салууларга каршы чыгуусун өтүндү.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы Донбасста атайын аскердик операция баштаганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар