Иран Венадагы өзөктүк сүйлөшүүлөрдө Батыштын чечимин күтүп жатат

Ирандын өзөктүк сүйлөшүүлөрдөгү өкүлү Бакыри, твиттер эсебинен жасаган билдирүүсүндө акыркы келишимге жакындап калгандарын айтты.

1784482
Иран Венадагы өзөктүк сүйлөшүүлөрдө Батыштын чечимин күтүп жатат

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары жана башкы сүйлөшүүчү Али Бакыри, Австриянын борбор шаары Венада өткөрүлгөн өзөктүк сүйлөшүүлөрдө келишимге жакындап калгандарын, бирок акыркы келишим үчүн батыш өлкөлөрүнүн «белгилүү чечимдерди» чыгарышы керектигин айтты.

Ирандын өзөктүк сүйлөшүүлөрдөгү өкүлү Бакыри, твиттер эсебинен жасаган билдирүүсүндө акыркы келишимге жакындап калгандарын айтты.

Бакири  билдирүүсүндө буларды айтты : "Марага жакын болуу аны басып өтүүгө кепилдик бербейт. Акыркы кадамга баруу үчүн кошумча көңүл буруу, көбүрөөк өжөрлүк, кошумча жаратуучулук жана салмактуу мамиле талап кылынат. Ишти бүтүрүү үчүн Батыштагы кесиптештерибиз кабыл алышы керек болгон белгилүү чечимдер бар".

Ирандын Улуттук коопсуздук жогорку кеңешинин баш катчысы Али Шамхани өз билдирүүсүндө Венада сүйлөшүүлөрдө жетишилген прогресстин аркасында жакшы келишимге жетишүүнүн мүмкүн экенин белгилеп, Батыш өлкөлөрү макул болмоюнча акыркы келишимге жетишүү мүмкүн эмес экенин баса белгиледи.

Өзөктүк келишимдин толук аткарылышын камсыз кылуу жана АКШнын келишимге кайтуусу боюнча өзөктүк сүйлөшүүлөр Австриянын борбору Венада Россия, Кытай, Германия, Франция, Англия жана Ирандын жогорку мартабалуу өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.

2018 - жылы АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп мезгилинде  келишимден бир тараптуу чыгып кеткен Вашингтон Европа Биримдиги аркылуу сүйлөшүүлөргө кыйыр түрдө катышууда.

Вашингтон Тегерандын келишимдеги милдеттенмелерине кайтып келишин кааласа, Иран өзөктүк келишимден чыккан тарап катары адегенде Америка Кошмо Штаттарынын келишимге кайтып келишин, санкцияларды алып салышын жана келишимден кайра чыкпай турганына кепилдик берүүнү талап кылууда.

Сүйлөшүүлөрдө Ирандын өкүлү катары катышкан  Тышкы иштер министринин орун басары Бакыри кеңешүү үчүн кечээ өлкөсүнө кайтып келди.



Тектеш кабарлар