Украина жарандарын Россиядан эртерээк чыгып кетүүгө чакырды

Тышкы иштер министрлиги «Россиянын Украинага карата агрессиясынын күчөшүнөн» улам Россияда консулдук кызматтарга чектөөлөрдүн киргизилиши мүмкүн экендигин билдирди.

1783669
Украина жарандарын Россиядан  эртерээк чыгып кетүүгө чакырды

Украина Россиядагы жарандарын мүмкүн болушунча тезирээк өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта «Россиянын Украинага карата агрессиясынын күчөшүнөн» улам Россияда консулдук кызматтарга чектөөлөрдүн киргизилиши мүмкүн экендиги белгиленди.

Билдирүүдө украин жарандарын Россияга барбоого жана ал жакта жүргөн жарандардын   өлкөдөн тезирээк чыгып кетүү сунушталган.

Россиянын президенти Владимир Путин  Россиянын Донецк жана Луганск элдик республикаларын таанууга уруксат берген эки жарлыкка кол койгон.

Россия парламентинин жогорку палатасы Федерация Кеңеши Путиндин орус армиясынын Россия жерлеринин тышында кызмат кылышына байланыштуу берген кайрылуусун жактырган. 

 



Тектеш кабарлар