Сомалиде Африка Биримдигинин Сомали миссиясына кол салуу болду

Кол салууда эфиопиялык бир аскер каза болду.

1783857
Сомалиде Африка Биримдигинин Сомали миссиясына кол салуу болду

Сомалиде Африка Биримдигинин Сомали миссиясын бутага алган бомбалуу кол салууда эфиопиялык бир аскер каза болду. 

Байдоадагы коопсуздук боюнча жооптуу  Адан Исак Важид шаарындагы суу кудугунун жанына коюлган минанын жарылуусунан бир аскердин каза болгонун, эки аскердин жараланганын билдирди. Шаардагы бир көргөн күбө  Эфиопия аскердик унааларынын жаралуу аскерлерди ташыгандыгын айтты. Кол салуунун жоопкерчилигин Еш  -  Шебаб террордук уюму моюнга алды. 

Кол салуу Хиран аймагында террордук уюмга карата башталган кургактык жана аба операциясынан кийин болду. Операцияда ушул кезге чейин уюмдун кеминде 60 мүчөсүнүн жок кылынгандыгы жарыяланды. 

Еш  -  Шебаб акыркы жумаларда шайлоо болгон өлкөдө көп сандаган шаарда бомбалуу кол салууларды аткарды. 

 



Тектеш кабарлар