Адамдын өлүм учурунда мээсинин активдүүлүгү биринчи жолу тартылды
Каза болгон кишинин мээсинин 15 минута иштегендиги аныкталып, бул ааблдын өлүм учурунда эмнелердин болгондугуна байланыштуу белги бергендиги билдирилди.
![Адамдын өлүм учурунда мээсинин активдүүлүгү биринчи жолу тартылды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/cfb3/68e9/f636/59398682bbd5c.jpg?time=1737717352)
Окумуштуулар өлүм учурунда адамдын мээсинин активдүүлүгүн биринчи жолу аныкташты.
"Rt.com" басылмасынын маалыматына ылайык, окумуштуулар 87 жаштагы эпилепсия менен ооруган бейтаптын инфаркттан кийин каза болгон маалда жазылган Электроэнцефалографиянын (ЭЭГ) жардамы менен бейтаптын мээсинин активдүүлүгүн изилдешти. Окумуштуулар каза болгон адамдын мээси тирүү адамдын мээсиндей "түш көрүүчү, өткөндү эстеген же медитация кылган" аракеттерди аткарарын аныкташты.
Каза болгон кишинин мээсинин 15 минута иштегендиги аныкталып, бул ааблдын өлүм учурунда эмнелердин болгондугуна байланыштуу белги бергендиги билдирилди.
Изилдөө тобунан доктор Ажмал Земмар адам өлөр алдында мээнин адамдын жашоосундагы маанилүү учурларды акыркы жолу эстей ала турганына көңүл бурду. Земмар мээнин активдүүлүгүнүн жашоонун качан бүтөөрү жана органдарды берүү убактысы жөнүндөгү кабылдоолорду өзгөртө ала турганын белгиледи.
Изилдөөнүн жыйынтыгы Frontiers in the Neuroscience of Aging журналында жарыяланды.