SpaceX космоско дагы 46 спутник жөнөттү

46 спутник, Falcon-9 ракетасы менен АКШнын Флорида штатындагы Cape Canaveral космос станциясынан учурулду.

1783098
SpaceX космоско дагы 46 спутник жөнөттү

Американын космостук кеме жана ракета өндүрүүчүсү SpaceX, Starlink интернет тармагы долбоорунун алкагында космоско дагы 46 спутник жөнөттү.

«Space.com» веб-сайтындагы кабарга караганда, Starlink интернет спутник тармагынын бир бөлүгү боло турган 46 спутник, SpaceX чыгарган Falcon-9 ракетасы менен АКШнын Флорида штатындагы Cape Canaveral космос станциясынан учурулду.

SpaceXтин 10-февралда Starlink долбоорунун алкагында космоско жөнөткөн спутниктердин 40ынын Күндөн пайда болгон геомагниттик бороондон улам кулаганы жарыяланган.

SpaceX жер орбитасында Starlink спутниктери менен 12 миң спутниктен турган тармак түзүүнү пландоодо. Долбоордун 2027-жылы бүткөрүрүлүшү максатталууда.



Тектеш кабарлар