Олаф Шольц Түндүк агым 2 долбоорун бекитүү процессин токтотту

Ирландиянын премьер-министри Майкл Мартин менен жолугушуунун алдында биргелешкен маалымат жыйынында Шольц Орусиянын жикчилдер деп аталган Донецк жана Луганск Элдик Республикаларын таануу чечимин сынга алды.

1783070
Олаф Шольц Түндүк агым 2 долбоорун бекитүү процессин токтотту

Германиянын канцлери Олаф Шольц орус газын Германияга ташый турган Түндүк агым 2 жаратылыш газ куурунун сертификация процессинин токтотулушуна буйрук берди.

Ирландиянын премьер-министри Майкл Мартин менен жолугушуунун алдында биргелешкен маалымат жыйынында Шольц Орусиянын жикчилдер деп аталган Донецк жана Луганск Элдик Республикаларын таануу чечимин сынга алып:«Бул эл аралык укуктун одоно бузулушу. (Орусиянын президенти Владимир) Путин да Бириккен Улуттар Уюмунун Уставын бузуп жатат»,-деди.

Мындай аракеттердин натыйжасыз болбошу керектигин баса белгилеген Шольц: «Мен Германиянын энергетика рыногун жөнгө салуучу органына орус-германдык «Түндүк агым 2» газ куурунун бекитүү процессин андан кийинки баалоого чейин токтотууну тапшырдым»,-деп айтты.

Жогоруда айтылган чечимди экономика министри Роберт Хабек менен сүйлөшкөнүн белгилеген Шольц Франция жана Германия катары Украина кризисине байланыштуу Нормандия форматын улантууну каалагандарын жана жолугушуу сунуштарынын уланып жатканын билдирди.

Германиянын канцлери аймактагы кырдаал олуттуу экенин, Орусиянын чек арада бүткүл Украинаны басып алуу үчүн дагы эле жетиштүү аскери бар экенин жана мындан ары эмне болорун эч ким билбей турганын айтты.

Шольц Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын провокациясына келбегени үчүн чоң урмат-сыйга татыктуу экенин белгиледи.

Ирландиянын премьер-министри Майкл Мартин Орусиянын чечиминин Бириккен Улуттар Уюмунун Уставын ачык бузуу экенин белгилеп, «Кызыл чийинден өтүлдү»,-деди.



Тектеш кабарлар