Катардан жаратылыш газын камсыздоо коопсуздугу үчүн диалог чакырыгы...

Катардын борбор шаары Дохада «Табигый газ; Энергиянын келечегин тартуу» деген ат менен өткөрүлгөн Газ экспорттоочу өлкөлөрдүн 6-форумунун (GECF) ачылыш сөзүн Аль Сани сүйлөдү.

1783132
Катардан жаратылыш газын камсыздоо коопсуздугу үчүн диалог чакырыгы...

Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамед Аль Тани Орусия менен Батыштын ортосундагы чыңалуудан улам Европада мүмкүн болуучу жаратылыш газ кризисинин сигналдары менен бирге глобалдык жаратылыш газынын коопсуздугун камсыздоо үчүн диалогду күчөтүүгө чакырды.

Катардын борбор шаары Дохада «Табигый газ; Энергиянын келечегин тартуу» деген ат менен өткөрүлгөн Газ экспорттоочу өлкөлөрдүн 6-форумунун (GECF) ачылыш сөзүн Аль Тани сүйлөдү.

Форумдагы диалогдун жаратылыш газынын энергетикалык трансформациядагы борбордук ролун ачуу жана экономикалык өсүү менен экологиялык кыйынчылыктар менен күрөшүүнүн ортосунда тең салмактуулукту камсыз кылган ишенимдүү энергия булагын издөө үчүн мүмкүнчүлүк болгонун баса белгилеген Аль Тани, дүйнө жүзү акыркы 20 жылда жаратылыш газы чоң үлүшкө ээ болгон энергетикалык картанын өзгөрүшүнө күбө болгондугун айтты.

Катардын Эмири Доха газ экспорттоочуларынын жана керектөөчүлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча аракеттерди колдоону уланта турганын жана мүчө мамлекеттердин жаратылыш ресурстарын иштетүү жана пайдалануу укугу толук жана туруктуу экенин ырастай турганын билдирди.

Аль Тани:«Биз жаратылыш газынын коопсуздугун жана дүйнөлүк газ рынокторунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн мүчө мамлекеттер менен экспорттоочулар менен импорттоочулардын ортосундагы диалогду жана кызматташтыкты арттырууга чакырыгыбызды кайталайбыз»,-деди.

GECF 2008-жылы декабрда, башкы кеңсеси Дохада жайгашкан, мүчө мамлекеттердин тажрыйба, билим алмашуу, кызматташуу жана координация деңгээлин жогорулатуу үчүн түзүлгөн.

Форумдун курамына Катар, Алжир, Боливия, Египет, Экватордук Гвинея, Иран, Ливия, Нигерия, Орусия, Тринидад жана Тобаго кирет, ал эми Венесуэла, Ангола, Азербайжан, Ирак, Малайзия, Норвегия, Перу жана Бириккен Араб Эмирликтери байкоочу мүчө катары кошулган.



Тектеш кабарлар