Алтын кениндеги жарылуудан 60 адам каза болду

Пони шаарынын Гбомблора аймагында жайгашкан алтын кенинде белгисиз себептерден улам жарылуу болду.

1782768
Алтын кениндеги жарылуудан 60 адам каза болду

Буркина-Фасонун Пони шаарындагы алтын кенинде жарылуу болуп, 60 киши каза тапты.

Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, Пони шаарынын Гбомблора аймагында жайгашкан алтын кенинде белгисиз себептерден улам жарылуу болду.

Жарылуудан кеминде 60 киши каза болуп, 50дөй киши жараат алды.

Жаракат алгандардын аймактык ооруканаларда дарыланып жатканы айтылды. Окуя боюнча райондук прокуратура иликтөө иштерин баштады.



Тектеш кабарлар