Жо Байден : "Путин Украинаны басып алууга чечим чыгарды"

Байден Украинага АКШ аскерлерин жибербей тургандарын бирок бул өлкөгө коргонуу үчүн жардам берүүнү улантышарын белгиледи.

1781380
Жо Байден : "Путин Украинаны басып алууга чечим чыгарды"

АКШнын президенти Жо Байден Россиянын президенти В. Путиндин Украинаны басып алууга чечим чыгарганына ишенгендигин билдирди.

Байден Ак үйдөгү пресс  - жыйынында : «Акыркы күндөрү Россия колдогон күчтөрдүн ок атышпоону олуттуу түрдө бузганын көрүп жатабыз»,- деп бул күчтөрдүн  Донбасстагы кол салуулардын күнөөсүн Украинага жүктөгөндүгүн жактады.

Россиянын да  олуттуу жалган маалымат кампаниясын жүргүзүп жатканын баса белгилеген Байден булардын бардыгынын Россиянын Украинага кол салуу үчүн чыгарган шылтоосу экенин айтты.

Байден Россиянын азыркы учурда Украина жана Беларсуь чек арасында, Кара деңизде 150 миң аскеринин бар экендигин баса белгилеп : «Россиянын келерки жумаларда кол саларына ишенүү үчүн себептерибиз бар. 2, 8 миллион күнөөсүз адам жашаган Украинанын борбор шаары Киевдин да бутага алынарына ишенүүдөбүз»,- деди.

Байден бир журналисттин : «Путиндин Украинаны басып алууга чечим чыгарганына ишенесизби?»,- деген суроосуна : «Ооба  азыркыу чурда Путиндин ушундай чечим чыгарганына ишенем»,- деп жооп берди.

Россиянын Украинага  басып кирүүсүн мыйзамдаштыруу  аракетине каршы колунан келгенди аткаргандыгын белгилеген Байден : «Россия планын ишке ашыра турган болсо бул бир апаат жана шайлоого таянган керексиз согуш болот. АКШ жана союздаштары  НАТО жерлеринин ар бир сантиметрин коргоого даяр»,- деди.

Байден Украинага АКШ аскерлерин жибербей тургандарын бирок бул өлкөгө коргонуу үчүн жардам берүүнү улантышарын белгилеп : «Батыш бирикте жана чечкиндүү. Эгер Россия Украинага басып кире турган болсо,  биз катаал санкцияларды ишке ашырууга даярбыз. Россия азыр да дипломатияны тандай алат, али да кеч эмес ушуну айткым келет»,- деди.



Тектеш кабарлар