Урсула фон дер Лейен : "Россияга карата санкциялар энергетиканы да камтыйт"

Мюних Коопсуздук Конференциясында сөз сүйлөгөн Лейен Европа Биримдигинин Россиянын кыймылдарына каршы даяр турушу керектигин белгиледи.

1781464
Урсула фон дер Лейен : "Россияга карата санкциялар энергетиканы да камтыйт"

Европа Биримдиги  комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Лейен Россия Украинага кол сала турган болсо  киргизе турган санкциялардын энергетика тармагын да камтый тургандыгын айтты.

Мюних Коопсуздук Конференциясында сөз сүйлөгөн Лейен Европа Биримдигинин Россиянын кыймылдарына каршы даяр турушу керектигин белгилеп : «Европа Биримдиги жана трансатлантика  өнөктөштөрү катары энергетика, алдыңкы технология тармактарын да камтыган каржы жана экономикалык санкциялар пакетин даярдап жатабыз.  Кремль кол сала турган болсо Москванын экономикалык кызыкчылыктарына оор төлөмдөрдү төлөтөбүз. Кремлдин караңгы өтмүшүнөн чыккан коркунучтуу оюу Россиянын келечегине тоскоол болушу мүмкүн»,- деди.

Россиядан Европа Биримдигине кеткен жаратылыш газга болгон көз карандылыкты азайтуу үчүн иштердин жүргүзүлүп жаткандыгын айткан Урсула фон дер Лейен орус энергетика фирмасы Газпромдун жогорку энергетика бааларына карабастан өзгөчө келишимдердеги эң төмөнкү деңгээлде газ өткөргөндүгүн, Европанын кампаларындагы Газпром газынын акыркы 10 жылдын эң төмөнкү деңгээлинде экендигин айтты.

Урсула фон дер Лейен АКШ башта болгон бир нече өлкө менен энергиянын  түрдүүлүгүн арттыруу үчүн көптөгөн өлкөлөр менен иштешип жаткандарын, суюлтулган жаратылыш газын көбөйтүүгө аракет кылышкандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар