Дибейбе : "Ливия Конституция менен башкарылган бир гана өлкө болот"
"Төңөкрүшчүлөр күрөшкөн эркиндик жана адилеттикти ишке ашырып, келечектеги муундар үчүн дагы жакшы турмушту түзөбүз",- деп басым жасады Дибейбе.
1780673
Ливиянын премьер - министри Абдулхамид Дибейбе өлкөсүнүн «конституция менен башкарылган бир гана өлкө» болорун билдирди.
Премьер - министр Дибейбе Ливияда 42 жылдык Муаммер Каддафи доору акырына чыккан 17 - февраль революциясынын 11 жылдыгына байланыштуу социалдык медиа эсебинен маалымат берди.
Дибейбе : «Ливия айырмачылыктар жанаша жашаган, адамдар жалпы жарандык баалуулуктар менен биригишкен, туруктуу коопсуздук түзүлгөн, мекемелери жана конституциясы менен башкарылган бирдиктүү өлкө болот», - деди.
"Төңөкрүшчүлөр күрөшкөн эркиндик жана адилеттикти ишке ашырып, келечектеги муундар үчүн дагы жакшы турмушту түзөбүз",- деп басым жасады Дибейбе.