Борбордук Африка Республикасында Вагнерге таандык унаа кырсыкка учурады

Кырсыкта 8 жалданма аскер каза болду.

1780485
Борбордук Африка Республикасында Вагнерге таандык унаа кырсыкка учурады

Борбордук Африка Республикасынын түндүк - батышындагы Нана - Мамбере провинциясында патрулдук күзөткө чыккан орус жалданма күчү Вагнерге таандык унаа башкаруудан чыгып, 8 жалданма аскер каза болду.

Улуттук маалымат каражаттарындагы кабарларга караганда Нана - Мамбере провинциясынын Дан  - Нгаи аймагында күзөттөгү орус жалданма аскерлеринин унаасы башкаруудан чыккан. Кырсыкта 8 орус жалданма аскер каза болгон.

 



Тектеш кабарлар