Пластмасса жана химиялык калдыктар чегинен бир кыйла ашты

"Phys.org" сайтынын кабарына караганда, Стокгольмдогу Resilience Center изилдөө институтунун адистери желимдин айлана-чөйрөнү булгашы боюнча изилдөө жүргүзүштү.

1779261
Пластмасса жана химиялык калдыктар чегинен бир кыйла ашты

Дүйнөдө химиялык жана пластик калдыктары чегинен бир топ ашкандыгы жана өндүрүштү чектөөгө чукул муктаждык бар экени жарыяланды.

"Phys.org" сайтынын кабарына караганда, Стокгольмдогу Resilience Center изилдөө институтунун адистери желимдин айлана-чөйрөнү булгашы боюнча изилдөө жүргүзүштү.

Изилдөөдө дүйнө жүзү боюнча болжол менен 350 миң түрдүү химиялык заттар жана пластмассалар бар экени жана алардын көпчүлүгүнүн айлана-чөйрөгө зыяны тийгени аныкталган.

Изилдөөнүн авторлорунун бири, доктор Бетани Карни Альмрот: «Бүгүн биз көрүп баштаган эффекттер Жердин жана системалардын маанилүү функцияларына таасир эте тургандай чоң»,-деп баа берген.

Өндүрүштү чектөө зарылдыгын баса белгилеген Альмрот, кээ бир химиялык заттардын жандыктардын гормондук системасына тоскоол болуп, зат алмашууну жана көбөйүү процесстерин бузганын айтты.

Башка жагынан алып караганда, акыркы изилдөөлөр дүйнөдөгү пластикалык булгануунун жалпы салмагы бардык мал биомассасынан төрт эсе көп экенин көрсөттү.

Стокгольмдун туруктуулук борбору (Stockholm Resilience Centre) акыркы бир нече жылдан бери парник газдарынын эмиссиясы, таза сууну пайдалануу жана озон катмары сыяктуу маселелердин Жерге терс таасирин тийгизгенин изилдеген эмгектердин үстүндө иштеп келет.



Тектеш кабарлар