Грек парламенти Куралдуу күчтөрүн чыңдоо боюнча үч келишимди ратификациялады

Негизги оппозициялык СИРИЗА партиясынын лидери Алексис Ципрас парламентте сүйлөгөн сөзүндө инфляция күчөп турган маалда өкмөт коргонуу чыгымдарына чоң бюджет бөлүп жатканын сынга алды.

1779501
Грек парламенти Куралдуу күчтөрүн чыңдоо боюнча үч келишимди ратификациялады

Грек парламенти Куралдуу күчтөрүн чыңдоо боюнча үч келишимди ратификациялады.

Бийликтеги Жаңы Демократия партиясы, оппозициядагы Өзгөрүү Кыймылы (KINAL) жана Греция Чечими партияларынын колдоосу менен бекитилген келишимдердин биринде 6 Рафале үлгүсүндөгү согуштук учак, экинчисинде 3 Белхарра үлгүсүндөгү фрегат жана үчүнчүсүндө суу астында жүрүүчү кемелерде колдонуу үчүн 44 торпеданын сатып алынышы каралган..

Негизги оппозициялык СИРИЗА партиясынын лидери Алексис Ципрас парламентте сүйлөгөн сөзүндө инфляция күчөп турган маалда өкмөт коргонуу чыгымдарына чоң бюджет бөлүп жатканын сынга алып: «Биз грек салык төлөөчүлөрүнөн бир еврого да бош чек бербейбиз»,-деп айтты.

Премьер-министр Кирякос Мицотакис болсо сөз болуп жаткан келишимдердин Грециянын курал күчүн жана геосаясий маанисин арттыра турганын айтты.

Мицотакис сентябрь айында Франциядан сатып алына турган Рафале согуштук учактарынын санынын 18ден 24кө көбөйтүлө турганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар