БУУ : "Йеменде 8 миллион киши гуманитардык жардам албай калышы мүмкүн"

Мартин Гриффитс БУУнун Йеменге жардам берүү үчүн 16 - мартта Швеция жана Швейцария менен конференция өткөрө турганын белгиледи.

1779661
БУУ : "Йеменде 8 миллион киши гуманитардык жардам албай калышы мүмкүн"

БУУ жарандык согуш болуп жаткан Йеменде каржы маселесинен улам 8 миллион кишиге март айында азык  - түлүк жардамынын кыскарышы мүмкүн экендиги боюнча эскертти.

БУУнун Башкы катчысынын гуманитардык маселелер боюнча жардамчысы Мартин Гриффитс БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги брифингинде : «Гуманитардык жардам берген уюмдардын акчасы түгөнүп баратат жана уюмдар жардамдарды кыскартууга мажбур болуп жатышат»,- деди.

Дүйнөлүк азык  - түлүк программасынын каржы маселесинен улам Йеменде декабрь айында 8 миллион кишиге болгон азык - түлүк жардамын кыскартканын белгилеген Гриффитс: «Келерки айда бул 8 миллион киши эч бир азык  - түлүк жардамын албай калышы мүмкүн»,- деди.

Гриффитс БУУнун Йеменге жардам берүү үчүн 16 - мартта Швеция жана Швейцария менен конференция өткөрө турганын белгиледи.

Мартин Гриффитс да январь айында Йеменде 650дөн ашуун кишинин каза болгонун же жараланганын белгилеп, мунун акыркы 3 жылдын эң чоң жоготуусу болгонун айтты.

БУУнун Йемен боюнча атайын өкүлү Ханс Грундберг, хусилердин Бириккен Араб Эмирликтери жана Сауд Арабияга жасаган кол салууларынан улам кризистин көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн экенин эскертти.

Хусилердин бул кол салууларын айыптаган Грундберг Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрүнүн Сана жана Ходейда портунун айланасына абадан кол салууларынын көбөйүшүнүн  тынчсыздандыруучу экендигин айтты.

Келерки жумада йемендик  тараптар менен сүйлөшүүлөрдү баштай тургандыгын айткан Грундберг, камтуучу бр саясий чечүүчү жол үчүн саясий, экономикалык жана коопсуздук темаларында этаптан турган алкактын түзүлгөндүгүн белгиледи.



Тектеш кабарлар