Күн системасына эң жакын жылдыздын орбитасында 3 - планета табылды

Окумуштуулар Күн системасына эң жакын жылдыз Proxima Centauriнин айланасында үчүнчү планетаны табышты.

1779175
Күн системасына эң жакын жылдыздын орбитасында 3 - планета табылды

Окумуштуулар Күн системасына эң жакын жылдыз Proxima Centauriнин айланасында үчүнчү планетаны табышты.

Astronomy & Astrophysics журналында жарыяланган изилдөөгө ылайык, Күн системасынан 4,23 жарык жылы алыстыкта ​​жайгашкан Proxima Centauri аттуу кызыл эргежээл жылдыздын орбитасында Жердин массасынын 0,26 өлчөмүндө планета табылган.

Португалиянын астрофизика жана астронавтика институтунун окумуштуулары планетага байланыштуу алгачкы белгилерди 2020 - жылы байкашкан жана Туруктуу спектроскопиялык байкоолор үчүн экватордук спектрографты (ESPRESSO) жана Түштүк Европа обсерваториясына таандык  Чилинин Атакама чөлүндө курулган абдан чоң телескоп менен 2 жыл байкоо жүргүзүшкөн.

Байкоолордо  орбитасында Proxima b жана Proxima c планеталарын камтыган, Кентавр топ жылдызындагы Proxima Centauriнин орбитасындагы Proxima d планетасынын жылдызына меркурийдин күнгө чейинки аралыгынын ондон бир бөлүгүнө жакы экендиги, орбитада  бир айланууну 5, 12 күндө бүтөрү аныкталды.

Массасы радиалдык ылдамдык (RV) менен өлчөнгөн Proxima dнын эң жеңил  экзопланеталардын бири экени аныкталды.

Суу жылдыздын жашоого ылайыктуу орбиталык аймагында жайгашкан планетада суюк бойдон кала алары болжолдолууда.

 

 

 



Тектеш кабарлар