Ак үйдүн «Жолборс командасы» Орусия Украинага кол салса эмне кылаарын иштеп чыкты

«Вашингтон пост» гезитинин жогорку даражалуу аткаминерлерге таянган кабарына караганда, Ак үйдө түзүлгөн «Жолборс командасы» бир нече ай бою унчукпастан ар кандай сценарийлерге даярданууда.

1779247
Ак үйдүн «Жолборс командасы» Орусия Украинага кол салса эмне кылаарын иштеп чыкты

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Ак үйдө жайгашкан «Жолборс командасы» деп аталган топтун акыркы айларда Орусиянын кибер чабуулуна же Украинага кол салуу сценарийлерине даярданганы айтылган.

«Вашингтон пост» гезитинин жогорку даражалуу аткаминерлерге таянган кабарына караганда, Ак үйдө түзүлгөн «Жолборс командасы» бир нече ай бою унчукпастан ар кандай сценарийлерге даярданууда.

Орусиянын Украинаны жарым-жартылай же толук басып алуу ыктымалдыгына каршы сценарийлерди жана бул учурда таштала турган кадамдарды баалаган команда, бул өлкөнүн кибер чабуул ыктымалдыгы үчүн да даярдыктарды көрүүдө.

Ушул убакка чейин бир нече саатка созулган эки стол үстүндөгү көнүгүү жасаган команда, сценарийлерди жана бериле турган каршылыктарды иштеп чыкты.

Аткаминерлер бул команданын машыгуулары эмне болорун алдын ала билүүгө мүмкүнчүлүк бергенин белгилешти.

Президент Жо Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Жонатан Финер: «Биздин үмүтүбүз дагы эле дипломатиялык чечим болуп саналат, анда биз бул сценарийлердин бирин да колдонбойбуз. Бирок азыр биз жасашыбыз керек болуп кала электе баарына даяр болгубуз келет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар