Жонсон: «Украинадагы абал абдан коркунучтуу»

Шотландияга жасаган иш сапары учурунда билдирүү жасаган Жонсон: «Орусиянын Украинага басып кириши Орусия үчүн коркунучтуу жаңылыштык жана кырсык болот»,-деп белгиледи.

1778471
Жонсон: «Украинадагы абал абдан коркунучтуу»

Британ премьер-министри Борис Жонсон Орусиянын Украинага басып кириши «коркунучтуу жаңылыштык» болорун эскертти.

Шотландияга жасаган иш сапары учурунда билдирүү жасаган Жонсон: «Орусиянын Украинага басып кириши Орусия үчүн коркунучтуу жаңылыштык жана кырсык болот»,-деп белгиледи.

«Биз жардын четинде турабыз, бирок Орусиянын президенти Владимир Путиндин артка чегинишине али убакыт бар», - деди ал.

Борис Жонсон британ өкмөтү Орусияны басып алуудан кайтаруу үчүн өтө катаал санкцияларды киргизүүгө даяр болушу керектигин белгиледи.

Батышты Орусиянын агрессиясына каршы бирге турууга чакырган Жонсон Украинанын НАТОго кошулуу каалоосун алмаштыра албай турганын айтты.

Орусиянын Украинага басып кириши жакынбы деген суроого Жонсон кол салуу пландалганынын далилдери ачык экенин жана Украина чек арасында 130 миңдей орус аскери турганын айтты.

Британиянын премьер-министри Украинадагы кырдаал өтө кооптондурарлык жана кооптуу экенин кошумчалап: «Баскынга олуттуу даярдыктар көрүлгөндүгүнүн башка белгилери да бар»,-деди.



Тектеш кабарлар