Сомалиде жан кечтилик кол салуу болду

Сомалиде болгон бомбалуу кол салууда кеминде бир адамдын каза болгондугу билдирилди.

1776546
Сомалиде жан кечтилик кол салуу болду

Сомалиде болгон бомбалуу кол салууда кеминде бир адамдын каза болгондугу билдирилди. 

Полиция жетекчиси  Абдифатах Хасан борбор шаар Могадишодогу  президенттик сарайга жакын жерде жан кечтилик кол салуу болгондугун айтты. 

Хасан шайлоочуларды ташыган унааны бутага алган кол салууда кеминде бир кишинин каза болгондугун, көп сандаган кишинин жаракат алгандыгын белгиледи. 

Кол салуунун жоопкерчилигин азырынча эч бир уюм моюнга ала элек. Кечээ Сомалиде бир шайлоо борборунда добуш берүү учурунда жасалган ракеталык кол салууда да 4 киши каза болду. 

Премьер  - министр Мухаммад Хусейн Робле жана аймактын башчылары былтыртан бери блуп  келе жаткан парламенттик шайлоонун 25 - февралга чейин бүтүшү керектиги боюнча макулдашты.

 

 



Тектеш кабарлар