1 миллион доллардык картинага көздүн сүрөтүн тартты

Жүргүзүлгөн териштирүүнүн натйжасында фигураларга көздүн сүрөтүн тарткан кишинин коопсуздук кызматкери экендиги жана жумушунан бошотулгандыгы маалымдалды.

1776612
1 миллион доллардык картинага көздүн сүрөтүн тартты

Россияда бир коопсуздук кызматкери 1 миллион долларлык бир картинадагы эки адам жүзүнө ручка менен көздүн сүрөтүн тартты. 

Екатеринбург шаарындагы Ельцин борборунан кечээ берилген маалыматта дүйнөгө белгилүү сүрөтчү Казимир Малевичтин окуучусу сүрөтчү Анна Лепоаскаянын 7 -  декабрда көргөзмөгө коюлган "Үч фигура" (1932 - 1934) аттуу картинасындагы 3 адам жүзүнүн экөөсүнө ручка менен көздүн сүрөтүнүн тартылгандыгы белгиленди. 

Жүргүзүлгөн териштирүүнүн натйжасында фигураларга көздүн сүрөтүн тарткан кишинин коопсуздук кызматкери экендиги жана жумушунан бошотулгандыгы маалымдалды. 

Картинага болжол менен 3 миң 350 доллар (250 миң рубль) зыян келтирилип, калыбына келтирүү иштери уланып жатканы белгиленди.

«Үч фигура» картинасынын баасы  1 миллион долларга жакын (74 миллион 900 миң рубль) экени айтылууда. 

 



Тектеш кабарлар