Израилдин Сирияга кол салгандыгы билдирилди
Асад режиминин кабар каналы Эл - Ихбарийе Израилдин абадан кол салуу менен борбор шаар Дамасктын айланасын бутага алганын билдирди.

Израилдин Сириянын борбор шаары Дамаскка кол салганы билдирилди. Асад режиминин кабар каналы Эл - Ихбарийе Израилдин абадан кол салуу менен борбор шаар Дамасктын айланасын бутага алганын билдирди. Кабарда : "Абадан коргоо системаларыбыз душман ракеталарга каршы туруп, айрымдарын атып түшүрдү",- деп маалымдалды.
Дамаск жана айланасында режим армиясы менен бирге Иран колдогон чет элдик террордук топторго таандык аскердик пункттардын бар экендиги белгилүү. Асад режими 31 - январда да Дамаск айланасында Израиль тарабынан да абадан кол салуу болгондугун билдирген. Израиль Сирияда жарандык согуш башталган 2011 - жылдан бери кээ кээде Иран колдогон топторго жана режимге таандык аскердик пункттарга кол салууда. Израилдик жетекчилер жалпысынан Сирия жерлерине жасалган кол салуулар тууралуу анализ жүргүзүүдөн алыс турушууда.